Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Бишкекте Үй-бүлө, сүйүү жана берилгендик күнүнө арналган иш-чара өттү. Майрамдын коноктору 25 жылдан ашык никеде жашаган жубайлар болду. Аларга "Сүйүү жана берилгендик үчүн" медалдары, грамоталар жана майрамдын символу — ромашка гүлдөрү тапшырылды.
Ошондой эле мындай сыйлыктар Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант жана Караколдо 31 жубайга ыйгарылды. Иш-чарага Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий менен Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышты.
"Биз жазында фонддон суроо келгенде мекендештердин уюмдарын, Кыргызстандын элдер ассамблеясын жана башка уюмдарды арыз тапшырууга болот деп кабардар кылдык. Бул уюмдар жана биз дагы нике жашы тууралуу мүнөздөмө камтылган арыздарды жөнөттүк. Андан кийин уюштуруучу комитет жубайларды тандап, бизге грамоталар менен медалдарды жөнөттү", — деди Альберт Зульхарнеев.
Ал иш-чаранын негизги максаты — бактылуу үй-бүлөлүк турмуштун үлгүсүн көрсөтүү жана үй-бүлө кандай кыйынчылыктарга карабай бекем, жылуу жана сүйүү менен курулган болушу мүмкүн экенин көрсөтүү экенин белгиледи.
Үй-бүлөлүк бакыттын сыры — дайыма бирге болуу
Майрамдын башкы каармандары өздөрүнүн окуялары менен бакыттын сырын бөлүшүштү.
Анна жана Александр Акимовдор 26 жылдан бери түтүн булатып келишет. "Биз никеде 26 жыл болдук, быйыл 27-чи жыл кетип жатат", — деди Анна.
"Үй-бүлөбүздүн сыры — бул бакыт, бири-бирибизди түшүнүү, сүйүү. Биздин төрт балабыз бар, ар дайым чогуу иш алып барабыз, чогуу эс алабыз, балдарды да биргелешип тарбиялайбыз", — кошумчалады Александр.
Ал эми Александр менен Тамара Качаевдер 47 жылдан бери никеде. Алар үчүн салтанатка катышуу өзгөчө учур болду.
"Бүгүн сыйлык алуу биз үчүн чоң сыймык. Өткөн жылдары жашообузда жакшы да, жаман да учурлар болгон. Бирок биз муну бирге жеңдик", — дешти жубайлар.
Алардын айтымында, үй-бүлөлүк бакыттын сыры — сүйүү, чыдамкайлык жана берилгендик.
Үй-бүлө, сүйүү жана берилгендик майрамынын тарыхы көп кылымдык салтка таандык — православдык маданиятта 8-июлда Пётр менен Феврония Муромскийлердин эстелиги белгиленет, алар никенин, берилгендиктин жана үй-бүлөлүк бакыттын коргоочулары катары эсептелет. Майрамдын "Үй-бүлө — ойлордун жана иштердин биримдиги" деп аталган урааны бүгүнкү күндө дагы актуалдуу.
Майрам диний салттан башталып, бирок көптөн бери жалпы адамзаттык мааниге ээ болду. Кыргызстанда ал сүйүүгө, чыдамкайлыкка, берилгендикке жана бири-бирине колдоо көрсөтүүгө урмат көрсөтүүнүн символу катары белгиленип келет. Бул сапаттар бекем үй-бүлөнүн жана ишенимдүү мамилелердин негизи болуп саналат.
Акмарал Абдалиева