Атайын каттам: Омандан 300гө жакын кыргызстандык учуп келди

Коом Загрузка... 06 Март 2026 09:21

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн Омандан Бишкекке 300гө жакын кыргызстандык учуп келди.

Каттам Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу максатында Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана "Кыргызстан аэропорттору" ААК тарабынан ишке ашырылды.

Биринчи каттам аркылуу 175 жаран, экинчи каттам менен 85 жаран өлкөгө кайтып келди.

"Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы мамлекеттик органдар менен макулдашуунун алкагында каттамдын коопсуз аякташы үчүн бардык зарыл болгон уюштуруу жана оперативдүү иш-чараларды камсыз кылды.