Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Бүгүн Оманда Иран менен АКШнын Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрү уланууда. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи менен Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Виткофф Омандын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасын өткөрүүдө.
Эки тарап тең дипломатияга берилгендигин билдиргенине карабастан, Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңы өзөктүк келишимге жетишүү жана аскерий жаңжалдарды болтурбоо үчүн жеңүү керек болгон негизги маселелер боюнча терең пикир келишпестиктер орун алууда.
“Иран санкцияларды жеңилдетүүгө жана тынчтык максатта өзөктүк энергияга болгон укугун таанууга умтулуу ниетин билдирди. Делегация Иран улутунун кызыкчылыктарын коргоо жана тынч атомдук энергетика тармагындагы жетишкендиктерибизди сактап калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Ошол эле учурда санкцияларды алып салууга умтулат”,- деп белгиледи Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бакайи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Арахчи Ирандын уранды байытууга укугун сүйлөшүүгө болбой тургандыгын белгилеген.
“Биз бүгүн эртең менен Тегеранда кошумча консультацияларды өткөрдүк жана бул раундда чечүүчү жыйынтыкка жетишилет деп үмүттөнөбүз”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Омандын ортомчулугу астында өткөн сүйлөшүүлөр дээрлик бир ай мурда башталган мурдагы айлампанын уландысы.
Буга чейин Маскатта жана Римде сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы өткөн. Биринчи айлампасы 12-апрелде Маскатта, экинчиси 19-апрелде Римде, үчүнчүсү дагы 26-апрелде Маскатта өттү.
Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди 1-майда 3-майга белгиленген кийинки жолугушуу “логистикалык себептерден” улам жылдырылганын билдирди.