Олжас Бектенов ЕАӨКтүн жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди — Кабар

Олжас Бектенов ЕАӨКтүн жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Саясат 14 август 2025 17:10
25542_1755169054_lg.jpeg
689dc0ccb5c02.jpeg
689dc0d2eb0cf.jpeg
689dc0c92ec8e.jpeg
689dc0c5a2483.jpeg
689dc0bfafb3e.jpeg
Алдыга
Артка
25542_1755169054_lg.jpeg
689dc0ccb5c02.jpeg
689dc0d2eb0cf.jpeg
689dc0c92ec8e.jpeg
689dc0c5a2483.jpeg
689dc0bfafb3e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди. 

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.