Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана БУУӨП менен биргеликте өлкөнүн аймактарын заманбап ыкмада өнүктүрүү боюнча кадрларды даярдай баштады.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын алкагында Манас, Нарын, Өзгөн, Ош, Кант, Баткен жана Каракол шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү үчүн атайын окутуу курсу ачылды.
Курстун катышуучулары быйыл апрель айында бекитилген жаңы ыкмага ылайык шаарларды пландоо жана инвестиция тартуу ыкмаларын үйрөнүшөт.
Жаңы методология коомчулуктун, бизнестин катышуусун жана ишенимдүү маалыматтарга таянуу менен ийкемдүү пландарды түзүүнү камтыйт. Мындай тажрыйба Европа өлкөлөрүндө, Россия жана Казакстанда аймактарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу үчүн негизги курал катары колдонулат.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар өз аймактарын өнүктүрүүнүн алгачкы мастер-пландарынын долбоорун иштеп чыгышат.
БУУӨП бул багыттагы демилгелерди мындан ары да колдоону улантарын билдирди.