Өлкөгө iPhone 17 телефондорун мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 2 октябрь 2025 18:04
557081159_1249479603891203_8284011296718745494_n.jpg
514272769_1249479663891197_8205113812415526885_n.jpg
557407878_1249479867224510_6043983837947616617_n.jpg
Алдыга
Артка
557081159_1249479603891203_8284011296718745494_n.jpg
514272769_1249479663891197_8205113812415526885_n.jpg
557407878_1249479867224510_6043983837947616617_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. "Манас" аэропортунда iPhone 17 Pro Max үлгүсүндөгү телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз аракеттерди аныктоо УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, Дубай шаарынан келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.

Анда Дубайдан учуп келген 1992-жылы туулган С.А. жана А.Б. аттуу жарандар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жарандар чыгуучу коридордон өтүп, тиешелүү бажы операцияларын жүргүзбөстөн уюлдук телефондорду жашыруун алып өтүүгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк аталган товарларды Айчүрөк БУМ соода борборундагы "N.S." жана "C.B.S." бутиктеринде сатуу аракети учурунда 18 даана iPhone 17 Pro Max уюлдук телефондору алынган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, бир даана iPhone 17 Pro Max телефонунун орточо баасы 195 миң сомдон 225 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 476 271 сомду түздү.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.