Өлкөдө жыл аягына чейин 4 соода-логистикалык борбор ишке берилет

Экономика Загрузка... 25 Сентябрь 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-09-25 at 08.40.25.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Жыл аягына чейин өлкөдө 4 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 9 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалган. Учурда анын бешөөсү ишке берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 34 соода-логистикалык борбор бар.

Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында жаңы соода-логистикалык борборлорду түзүү иштери улантылууда.