Өлкөдө ишкерлердин укугун коргоо чаралары күчөтүлөт

Экономика 25 сентябрь 2025 14:00
553259976_1095204449468139_2298639176635440316_n.jpg
553269722_1095204516134799_1640904441008958881_n.jpg
555043242_1095204586134792_7426304809043162912_n.jpg
552820845_1095204486134802_2120117132384571920_n.jpg
Алдыга
Артка
553259976_1095204449468139_2298639176635440316_n.jpg
553269722_1095204516134799_1640904441008958881_n.jpg
555043242_1095204586134792_7426304809043162912_n.jpg
552820845_1095204486134802_2120117132384571920_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мирлан Ашырбаевдин жумушчу жолугушуусу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес процесстерине көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Тараптар ишкерлер менен инвесторлордун алдында турган актуалдуу маселелерди талкуулап, укуктук кепилдиктерди бекемдөөгө жана өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртууга багытталган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердикти колдоого жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы кызматташуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну макулдашты.