Кыргызстанда май айында Бүткүл дүйнөлүк эмдөө жумалыгы өтөт. Буга байланыштуу "Кабар" маалымат агенттиги саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен эмдөөдөн баш тартуу маселеси тууралуу маек курду.
- Жалпысынан өлкөдө эмдөө жүргүзүүнүн абалы кандай?
- Сиз билгендей, бизде эмдөө маселеси боюнча көйгөйлөр, эмдөөдөн баш тарткан учурлар бар. Бул дүйнөлүк тенденция - мындай көйгөйлөр өнүккөн Европа өлкөлөрүндө да бар.
- Балдарды эмдетүүдөн кимдер жана эмне себептен баш тартып жатышат?
- Баш тартуулардын 43 пайызы диний себептерге байланыштуу. Эмдөө алууга медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар аз пайызда балдар бар - мындай учурларды дарыгерлер өздөрү айтышат. Калгандары Европа өлкөлөрүндөй эле эмдөөгө каршылар. Эмдөөгө каршылардын арасында PR-кампанияларда өздөрүнүн атын чыгаргысы келген мурдагы медицина кызматкерлери да бар. Бирок, иммунизация - бул өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөн, илимий жактан далилденген ыкма. Эмдөөнүн аркасынан биз көптөгөн жугуштуу ооруларды жок кыла алдык.
- Бул көйгөйдү чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат?
- Бир ай мурун биз бул маселени министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңеште көтөргөнбүз. Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА менен биргеликте иш-аракеттер планын иштеп чыктык. Анда жергиликтүү администрациялардын, Билим берүү жана илим министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын, муфтияттын, ошондой эле диний ишмерлердин жана блогерлердин активдүү катышуусу каралган. Биз адамдарды эмдөөнүн зарылдыгына ынандырууга жигердүү катышкандыгы үчүн аларга ыраазыбыз. Ошондой эле эмдөөнүн зарылдыгын коомчулукка жеткирүү иш-чараларына жергиликтүү жамааттарды жана активисттерди тарттык.
- Аткарылган иштердин жыйынтыктары барбы?
- Азыр өлкөдө эмдөөлөрдүн деңгээли акырындан өсүп жатат. Тазалоочу эмдөөнүн натыйжасында, башкача айтканда жашы боюнча эмдөө алышы керек болгон, бирок эмдөөдөн өтпөгөн балдарды аныктоо менен абал жакшырат деп үмүттөнөбүз. Бизде мындай балдардын тизмеси бар, мобилдик топтор алар менен максаттуу иштей башташты. Ишибиз ийгиликтүү аткарылып, кызамык оорусунун деңгээлин төмөндөтүүнү жана оорудан каза болгондордун санын азайтууну үмүт кылып жатабыз.