Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Өлкөдө айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана оорулардан коргоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алакунов билдирди.
Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгында учурда жалпы республика боюнча 4 миң 100 гектар жерде чегиртке бар экени аныкталган.
Анын ичинен:
-Жалал-Абад облусунда - 700;
-Ноокен районунда - 2 миң 200;
-Сузак районунда - 750 гектар;
-Араван районунда - 450 гектар жерде.
“Аталган аймактарда айыл чарба зыянкечтери менен күрөшүү изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан соң дароо эле башталган. Биздин кызматтар аймактарда мониторинг жүргүзүп, кайсы аймакта кандай зыянкеч таралып жатканын аныктап, ошол маалыматтардын негизинде химиялык жана биологиялык күрөш чараларын көрүүдө. Ушул тапта өлкөдө айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана оорулардан коргоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө”,-деди ал.
Алакунов белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча айыл чарбага зыян келтирген зыянкечтирдин 60тан ашык түрү бар. Мындан сырткары, 50дөн ашуун өсүмдүк оорулары жана 300дөн ашуун отоо чөптөрүнүн түрлөрү бар.
“Буудай, картошка, жашылча-жемиш талааларынын зыянкечтерге чалдыгуусунун алдын алуу үчүн атайын коргоочу препараттар таратылып, дыйкандарга кеңештер берилүүдө. Айрыкча, түшүм берчү маалда курт-кумурскалардын көбөйүшү байкалган аймактарда иш-чаралар ыкчам жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүктөрдү коргоо тармагында бүгүнкү күндө заманбап биологиялык жана химиялык препараттар колдонулууда. Экологияга зыян келтирбеген, коопсуз ыкмаларга артыкчылык берилүүдө”, - деди ал.
Ал ошондой эле карантиндик көзөмөл да күчөтүлгөнүн кошумчалап, экспортко жана импортко чыккан айыл чарба продукцияларынын фитосанитардык коопсуздугу текшерилип жатканын, бул жагдайда эл аралык талаптар эске алынып жатканын белгиледи.
“Бул чаралар айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жана фермерлердин түшүмүн коргоого багытталган. Өсүмдүктөрдү сактоо - азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет”,-деди ал.