Өлкөдө 7 192 чет элдик номерлүү унаа легалдаштырылды

Коом Загрузка... 13 Август 2025 14:13
WhatsApp Image 2025-08-13 at 13.18.51.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. 2025-жылдын 31-мартында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, өлкө аймагында жүргөн чет элдик номердеги унааларды легалдаштыруу иштери 1-апрелден 1-июлга чейин жүргүзүлүп, жалпы 7 миң 192 унаа легалдаштырылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жунусов бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгисине ээ болгон каалаган унааны легалдаштырууга болот.

"Азыркы учурда легалдаштыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-октябрына чейин узартылды. Ошондуктан бардык жарандарды чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырып алуу үчүн мүмкүнчүлүктү колдонуп калууга чакырабыз", – деди Жунусов.