Өлкө аймагында -2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 23 Сентябрь 2025 14:41
1074938422_0_137_3155_1912_1400x0_80_0_0_2c217ebd4d94919cced729f04500df58.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.

Дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоо жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталат.