Ташкент, 21.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү боюнча мамлекеттик программаны бекитти.
Анда спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү үч категорияга бөлүнөт: артыкчылыктуу, келечектүү жана өнүгүп жаткан. Артыкчылыктуу түрлөр катары бокс, дзюдо, таэквондо, эркин күрөш жана оор атлетика аныкталган.
2025/2026-окуу жылынан тартып Республикалык даярдоо борбору эки баскычта иштеп баштайт: мектеп жана колледж. Спортчу-окуучуларга стипендия каралып, борбор республикалык бюджеттен каржыланат.
Мелдештерден жыйынтык көрсөткөн машыктыруучуларга кошумча акы төлөнөт. Чет элдик адистер тартылып, аймактарда Улуттук Олимпиада комитетинин бөлүмдөрү ачылат. Спорт шаймандары бажы төлөмдөрүнөн бошотулуп, спортчулардын кирешелери салыкка тартылбайт.
Ошондой эле жаш спортчулар үчүн үч баскычтуу "Жаңы Өзбекстандын Олимпиадалык чокулары" мелдеши уюштурулат.
Бул чаралар Өзбекстандын Олимпиада-2028деги ийгилигин камсыздоого багытталган.