Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата 1-класстар үчүн "Алиппе" окуу-методикалык колдонмолору жана 3-класстар үчүн "Математика" иш дептеринин экинчи бөлүгү басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-класстын "Математика" иш дептеринин 2-бөлүгү 100 миң 35 нускада, ал эми 1-класстар үчүн "Алиппе-наристе", "Алиппе жазуу жана боёо" жана "Алиппеге даярдык" колдонмолору ар бири 35 миң 700 нускадан чыгарылды.
"Учурда жаңы окуу-методикалык комплекстер өлкө аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилүүдө. Билим берүү мекемелерин сапаттуу окуу материалдары менен камсыздоо иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.