Окуу жылы жана жол тыгыны: Студенттер кеч окуп абал жеңилдедиби?

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарында жылына сентябрь айынын башталышы менен унаа кыймылынын жанданышы байкалат. Студенттер менен мектеп окуучуларынын сабактарынын башталышы жана шаар тургундарынын эс алуудан кайтышы менен калаада унаа агымы бир топ көбөйөт. Быйыл шаарда жол оңдоо иштери массалык түрдө жүргөндүктөн, жол кыймылын азайтуу максатында студенттер окууга 15 күн кеч келишсе да бүгүн коомдук транспортто, жол кыймылында кошумча жүк байкалууда.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары Бишкектин бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу процессин аралыктан жүргүзүү чечимине ылайык, окуу онлайн режиминде жүргөн.

Бүгүн, 15-сентябрдан тарта бардык билим берүү уюмдарында окуу процесси офлайн режиминде улантылганын “Кабар” маалымат агенттигине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү билдирди.

Маалымдалгандай, бул убактылуу чара борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынып, студенттердин, окутуучулардын жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 60 жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында болжол менен 117 миң студент окуйт. Жалпы республика боюнча 88 лицензия алган жогорку окуу жайлар бар. Анын ичинен 33 мамлекеттик окуу жайлар болсо, 55 жеке менчик болуп саналат. Бардыгы болуп бул окуу жайларда 227 миңден ашык студенттер билим алса, болжол менен анын 84 миң студенти сырттан окуу бөлүмүндө окушат.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен учурда Бишкекке миңдеген студенттер келишип, коомдук транспортко жана такси кызматтарына болгон суроо-талап өсүүдө. Андан тышкары, мектеп окуучулары, жайкы эс алуудан кайткан шаар тургундары калаадагы транспорт кыймылынын жанданышына түрткү болууда. Автобустардын жетишсиздиги же ыңгайы үчүн көпчүлүк жарандар жеке унааларын айдагандыктан калаада кыймыл арбын.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Бишкекте 427 миңден ашык унаа катталган, бул жалпы 1 млн 697 миң унаанын 25 пайызын түзөт. Аймактардан унаалардын киришин эске алганда борбордо 700 миңден ашуун унаа жүрөт. Бишкектин жолдору өзү 350 миң унаага ылайыкталган. Башкача айтканда, учурдагы унаалардын агымы шаардык жол тармагынын мүмкүнчүлүгүнөн 2 эсе көп. Экинчиден унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги айдоочулар үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурат.

Өз кезегинде Бишкек мэриясы унаа тыгын көйгөйүн чечүү, шаардыктардын ыңгайлуу жол жүрүүсүн камсыздоо үчүн ар тараптуу чараларды көрүүдө. Белгилей кетсек, 2024-2030-жылдарга карата Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу концепциясы иштелип чыгып кабыл алынган. Ага кыска жана орто мөөнөттүк чаралар жана долбоорлор кирип, анын алкагында борбордун жолдору оңдолуп, коомдук транспорт өнүктүрүү, жөө жана велосипед жолдорун кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын жолдорду жана инженердик тармактарды оңдоо иштери тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине берген акыркы маалыматтарына токтолсок, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдорду капиталдык оңдоо жана инженердик тармактарды жаңылоо иштери уланууда. Учурдагы оңдоо иштеринин абалы жана алардын аяктоо мөөнөттөрү тууралуу төмөнкүдөй маалымат берилет.

Бишкекте капиталдык оңдоо жүрүп жаткан ушул негизги көчөлөрдө көрсөтүлгөн мөөнөттө иштер аяктоосу күтүлүүдө:

  • И. Ахунбаев көчөсү (7 Апрель – Жукеев-Пудовкин) – 25-сентябрга чейин.
  • Л. Толстой көчөсү (Ибраимов – К. Акиев) – 1-октябрга чейин.
  • Курманжан Датка көчөсү (Жибек Жолу – Чүй - тротуар) – 31-октябрга чейин.
  • Дэн Сяопин көчөсү (Фучик – Алыкулов) – 30-ноябрга чейин.
  • Фучик көчөсү (Дэн Сяопин – Аска-Таш) – 30-ноябрга чейин.
  • Л. Толстой көчөсү (Матиев – Т.Фрунзе) – 30-ноябрга чейин.
  • Калинин көчөсү (Салиева – Жибек Жолу) – 21-сентябрга чейин.
  • Абдымомунов көчөсү (Турусбеков – К. Акиев) – 25-октябрга чейин.

2025-жылы оңдоо иштери аяктаган көчөлөр:

  • Шабдан Баатыр көчөсү (7 Апрель – Лермонтов) – 10-июнга чейин аяктады.
  • Жибек Жолу проспектиси (Курманжан Датка – Лермонтов) –6-июлга чейин аяктады.
  • Медеров көчөсү (Панфилов – 7 Апрель) – 10-июлга чейин аяктады.
  • Жаш Гвардия бульвары (Жибек Жолу – Бөкөнбаев) – 26-июлга чейин аяктады.
  • Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши – 6-августка чейин аяктады.
  • Токтоналиев/Москва көчөсү – иш толук бүткөрүлгөн.
  • Курманжан-Датка көчөсү (Жибек Жолу - Фрунзе) - 31- август
  • Курманжан-Датка көчөсү (Фрунзе - Чүй) - 10-сентябрь ачылды.
  • Л. Толстой көчөсү (Ч. Айтматов -К. Акиев) - 15-сентябрь ачылды.

Ошондой эле эртең, 16-сентябрь күнү Иса Ахунбаев көчөсүн ондоо иштеринен кийин ачуу пландалып жатканын мэрия кошумчалады. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөр белгиленген графиктен эрте же кеч ачылышы мүмкүн экендигин мэрия эскертет.

Жогорудагы участоктордо реконструкциялоо жана курулуш иштери аяктагандан кийин жол кыймылы кыйла жакшырып, тыгындардын саны да кыскараары күтүлүүдө. Учурдагы ыңгайсыздыктарга карабастан, жүрүп жаткан инфраструктуралык иштер шаардын транспорттук абалын жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мэрия белгилегендей, капиталдык оңдоолор аяктагандан кийин борбордогу унаа тыгындары азайып, шаардыктардын жана коноктордун жол жүрүүсү кыйла жеңилдемекчи.