Окуу китептеринин авторлору арасында сынак жарыяланды - шарттары

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 12:45
2.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Агартуу министрлиги "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов билдирди.

Анын айтымында, сынак төмөнкү предметтер боюнча окуу китептеринин авторлорун жана иштеп чыгуучуларын тандоо боюнча өтөт:

  • кыргыз тили (эне тил жана экинчи тил катары);
  • тарых;
  • география.

Сынакка кимдер катыша алат?

  • Мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;
  • Педагогика, филология, тарых жана география боюнча методисттер, изилдөөчүлөр жана адистер;
  • Окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;
  • Инновациялык ой жүгүрткөн жана окутуунун заманбап усулдарын колдонгон жаш педагогдор.

Керектүү документтер:

  • паспорттун көчүрмөсү (сүрөт жана маалыматтар бир бетке жазылышы керек);
  • билими, педагогикалык жана кесипкөйлүк тажрыйбасы жазылган резюме (CV);
  • квалификациясын тастыктаган диплом жана сертификаттардын көчүрмөлөрү;
  • мурда иштеп чыккан окуу-усулдук материалдардын үлгүлөрү (эгер болсо);
  • заманбап окуу китептерин иштеп чыгуу жана долбоор боюнча жеке көз карашы тууралуу кыска видео (5 мүнөттөн ашпашы керек).

Конкурс мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.
Сынак 2025-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин эки этапта — сырттан жана түз тандоо түрүндө өтөт.
Арыздар Google Форму https://forms.gle/Geeg4rrcpAevGfxSA аркылуу онлайн кабыл алынат.

Ошондой эле арызды Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги имараттын 202-канасына тапшырса болот.

Кошумча маалымат үчүн байланыш:

  • кыргыз тили (эне тил жана экинчи тил катары) +996 556 10 11 48;
  • тарых - +996 553101150;
  • география - + 996 554101152.