Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Окурман көркөм адабиятты интернеттен эмес, "Ала-Тоо" журналынан таба алат. Бул тууралуу аталган журналдын баяндамачысы, акын Элмира Ажыканова "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, "Ала-Тоо" журналында кыргыз адабиятынын иргелген жана тандалган чыгармалары жарыяланып турат.
"Чыныгы көркөм адабиятты окуйм деген окурман аны азыркы чыгып жаткан "Ала-Тоо" журналынан окушу керек. Анткени, чыныгы иргелген, тандалган адабият, чыгармалар ошол журналда.
"Интернеттен окуп алам, азыр интернеттин заманы" дегендер жаңылышат. Социалдык тармактарда кыргыз адабияты дээрлик жок. Болсо да кыска-кыска үзүндүлөр. Ошондуктан "Ала-Тоо" журналына олуттуу маани берип, адабиятты сүйгөн окурман "Ала-Тоо" журналын окушу керек", - деди Ажыканова.