Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Окумуштуулар тузсуз сууда жашаган эргежээл сом балыктарында бир балыктан экинчисине өтүүчү рак оорусун аныкташты. Бул тууралуу чет элдик илимий маалыматтарга таянып Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазды.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, АКШнын Вермонт штаты менен Канаданын Квебек провинциясынын чек арасындагы көлдөрдө жашаган сомдордо кара түстөгү шишиктер байкалган.
Генетикалык анализдин жыйынтыгында ар башка балыктардан алынган рак клеткаларынын мутациялары бирдей экени аныкталган. Бул шишиктер балыктын өзүнүн клеткаларынан эмес, өз алдынча жашап, өнүгүп жаткан рак клеткаларынын өзгөчө түрү экенин көрсөткөн.
Айрым суу сактагычтарда мындай жугуучу меланома сомдордун жергиликтүү популяциясынын үчтөн бир бөлүгүнө чейин таасир эткени аныкталган. Окумуштуулар рак клеткалары балыктардын көбөйүү мезгилиндеги жакын байланыш аркылуу тарашы мүмкүн деп божомолдошууда.
Адистер бул көрүнүштү изилдөө адамдагы рак ооруларынын жайылыш механизмдерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин белгилешет. Мындан тышкары, буга чейин деңиз моллюскаларында да бир организмден экинчисине өтүүчү рак клеткалары табылганы маалым.