Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. АКШдагы Миссури университетинин окумуштуулары күнүмдүк тартипти так сактоо адамдын ден соолугуна оң таасир тийгизерин аныктады.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, белгиленген убакта ойгонуп, тамактанып, иштеп жана уктоо физикалык ооруну азайтып, депрессиянын белгилерин жеңилдетүүгө жардам берерин Medical Xpress журналына таянып, Известия билдирди.
Изилдөө өзгөчө уйкусуздуктан жабыркаган улгайган адамдар арасында жүргүзүлгөн. Окумуштуулар 67 улгайган адамдын сурамжылоосунун жыйынтыгын талдап, туруктуу күн тартибин карманган катышуучуларда депрессиянын деңгээли төмөн болуп, физикалык ооруну азыраак сезишкенин аныкташкан.
Изилдөөнүн автору, доцент Юнжин Трейсинин айтымында, күн сайын бир убакта ойгонуу, тамактануу, иштөө, адамдар менен баарлашуу жана уктоо организмдин биологиялык саатын туура иштетип, ички ритмдерди синхрондоштурат. Бул өз кезегинде адамдын жалпы ден соолугун жакшыртат.
Адистер белгилегендей, күн тартибиндеги майда өзгөрүүлөрдүн өзү эле организмдин биологиялык саатын бузушу мүмкүн. Мындай көрүнүш “социалдык жетлаг” деп аталат. Ал көбүнчө дем алыш күндөрү уктоо жана ойгонуу убактысы иш күндөрүнө салыштырмалуу кескин өзгөргөндө пайда болот.
Окумуштуулар ден соолукту сактоодо күнүмдүк адаттар өзгөчө маанилүү экенин белгилешет. Алардын айтымында, туруктуу күн тартиби психикалык абалды гана эмес, жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун да азайтууга жардам берет. Буга чейин жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө ар кайсы убакта уктоо инфарктка кабылуу коркунучун эки эсеге чейин жогорулатары аныкталган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы адамдын ден соолугун чыңдоодо дары-дармек менен катар эле жөнөкөй күнүмдүк адаттардын да мааниси чоң экенин дагы бир жолу көрсөттү. Адистер күн сайын бирдей убакта уктап, ойгонуу, туура тамактануу жана туруктуу жашоо режимин кармануу узак мөөнөттүү келечекте ден соолукту сактоого жана жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.