Окумуштуулар булчуңдардын картайуу жана алсыроосунун себебин аныкташты

Дүйнө
Окумуштуулар булчуңдардын картайуу жана алсыроосунун себебин аныкташты

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Окумуштуулар жаш өткөн сайын булчуңдардын эмне үчүн алсырап, жаракаттан кийин калыбына келиши кыйындай турганын түшүндүргөн молекулярдык механизмди аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгында дене тарбия көнүгүүлөрү булчуң клеткаларынын жаңылануусуна кандайча жардам берери белгилүү болгонун Известия кабарлайт.

Изилдөөнү Дьюк университетинин Медицина мектебинин, Сингапур улуттук университетинин, Сингапур жалпы ооруканасынын жана Кардифф университетинин адистери жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences (PNAS) илимий журналына жарыяланган.

Окумуштуулар бул процессте DEAF1 деп аталган ген маанилүү роль ойной турганын аныкташкан. Жаш өткөн сайын анын активдүүлүгү жогорулап, булчуң клеткаларындагы белоктордун жаңылануу тартиби бузулат. Натыйжада клеткаларда бузулган белоктор топтолуп, булчуңдардын иштеши жана жаракаттан кийин калыбына келиши начарлайт.

Дене тарбия көнүгүүлөрү кандай жардам берет?

Изилдөөгө ылайык, физикалык активдүүлүк DEAF1 генинин активдүүлүгүн төмөндөтүүгө жардам берет. Мунун натыйжасында булчуң клеткалары бузулган белоктордон натыйжалуу арылып, керектүү белокторду жаңырта алат. Булчуң ткандарынын абалы жакшырып, күчүн сактоого өбөлгө түзүлөт.

Кадимки шартта булчуңдардын дени сак болушу үчүн клеткалар жаңы белокторду өндүрүп, эскирген же бузулган белоктордон арылып турушу керек. Бул эки процесстин тең салмактуулугу бузулганда, клеткалардын иштеши начарлайт.

Окумуштуулар жаш өткөн сайын бул тең салмактуулуктун бузулушу DEAF1 генинин активдүүлүгүнүн жогорулашы менен байланыштуу экенин аныкташкан. Ал эми физикалык көнүгүүлөр бул процессти жөнгө салууга жардам берет.

Изилдөө мөмө чымындарына жана жашы өткөн чычкандарга жүргүзүлгөн. Эксперименттерде DEAF1 генинин активдүүлүгү жогорулаганда булчуңдар тезирээк алсырап, ал төмөндөгөндө булчуңдардын күчү калыбына келери байкалган.

Ошол эле учурда окумуштуулар бул жыйынтыктарды азырынча адамдарга түздөн-түз колдонууга болбой турганын белгилешет. Анткени бул механизмдин адам организминдеги таасирин дагы изилдөө зарыл.