Октябрда Кыргызстанга 340,5 млн доллар акча которулган

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 09:45
economist.kg_-4.png
copyright icon WWW

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн.

Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген - 321,6 млн доллар. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 18,9 млн доллар которулган.

Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган. Анын 29,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.