Октябрда ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө керектөө баалары өскөн

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 13:22
ca17a1d7-583a-4d9f-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын октябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда баалар 1,5 пайызгаөскөнү белгиленди. Бул азык-түлүк эмес товарлардын 2,2 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 2,4 пайызга өсүшүнө байланыштуу жогорулаган.

Безымянный

Ал эми 2025-жылдын октябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө тармагында инфляциянын эң жогорку деңгээли - 10,5 пайыз Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга 11 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 9,3 пайызга, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 11 пайызга жогорулашы менен шартталган.

1