Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. 15-сентябрдан тарта Социалдык фонддун Бишкектин Октябрь району боюнча башкармалыгы жаңы дарекке көчүрүлөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Жаңы кеңсе төмөнкү даректе жайгашат: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45/1, Байтик Баатыр жана Жукеев-Пудовкина көчөлөрүнүн ортосунда. Бул жай Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жайлардын биринчи кабатында жайгашкан.
Социалдык фонд Октябрь районунун тургундарын пенсия менен камсыз кылуу боюнча бардык маселелер буга чейинки байланыш телефондору аркылуу чечилерин тактады: 0702 30-97-12, 0705 15-03-42, 0500 47-77-98.
Октябрь районунун тургундарына жана пенсионерлерине Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына кайрылганда өзгөртүүлөрдү эске алуу сунушталат.