Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Женева шаарында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Корея Республикасынын интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон мененжолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, эки тараптуу жолугушуу Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Ассамблеясынын 68-сериясынын алкагында өттү.
Тараптар интеллектуалдык менчик тармагын санариптештирүү жана экспертиза жүргүзүүдө жасалма интеллектти (AI) колдонуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле университеттерде интеллектуалдык менчикти туура башкаруу жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу пландалды.
Министрлер Кореянын Ойлоп табууларды илгерилетүү ассоциациясынын (KIPA) колдоосу менен Кыргызстанда буга чейин ишке ашкан жана учурда жүрүп жаткан долбоорлордун натыйжасын жогору баалашты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн министрликтери ортосунда ар тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу макулдашылды. Бул документ кыргыз-корей өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга негиз болмокчу.