Самарканд, 30.10.25. /Кабар/. Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Одри Азулени кабыл алды. Тараптар Өзбекстан менен ЮНЕСКОнун ар тараптуу кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда Одри Азуле президент Шавкат Мирзиёевди ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Бул сессия ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасынан тышкары биринчи жолу 40 жылдан кийин Самарканд шаарында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
ЮНЕСКО башчысы Өзбекстандын конференцияны жогорку деңгээлде уюштуруудагы аракетин жана анын мазмундук жагын баалады. Иш-чаранын алкагында ЮНЕСКОнун Мектепке чейинки билим берүү боюнча регионалдык борборунун ачылышы, Беруни сыйлыгынын тапшырылышы, Самарканддын 3000 жылдыгына арналган азем жана маданий форумдар өтөрү белгиленди.
Жолугушуунун соңунда президент Шавкат Мирзиёев илим, билим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Одри Азулеге Өзбекстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Дўстлик» (Достук) орденин тапшырды.