Оңдоо иштери. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 2 айга жабылат

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 12:35
1751350506_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Эртең, 2-июлдан тарта Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

"36 жылдан бери иштеп жаткан тармак толугу менен эскирип, тез арада алмаштырууну талап кылууда. Учурда аталган тилкеде реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.