Оңдоо иштери. Бишкек жана Чүйдө бир нече темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-09-25 at 11.12.16.jpeg

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Темир жол өтмөктөрүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунда бир катар каттамдар убактылуу чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Жабылуучу темир жол өтмөктөр жана айланма жолдор:

  • 24-сентябрь, 08:00–17:00 — Вознесеновкадагы темир жол өтмөгү (Кайыңды – Кара-Балта багыты, Центральная көч.) толугу менен жабылат. Айланма жол: Владимирова көчөсү аркылуу уюштурулат.
  • 25-сентябрь, 08:00–18:00 — Л. Толстой көчөсүндөгү өтмөктө (Т. Фрунзе көчөсүнүн кесилиши) жол бир тилке гана ачык болот. Айланма жол: Т. Фрунзе, Лущихин, Алыкулов, Л. Толстой, Садыгалиев көчөлөрү аркылуу уюштурулат.
  • 26-сентябрь, 08:00–17:00 — Шопоков–Сокулук багытындагы Железнодорожная көчөсүндөгү өтмөк толугу менен жабылат. Айланма жол: Маловодное айылындагы Ленин көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.

Ишкана айдоочуларды алдын ала маршруттарын пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.