Оңдоо иштери. Абдумомунов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 17:53
1752579335_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Эртең, 16-июлда Т.Абдумомунов көчөсүнүн К.Акиев көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде жолду реабилитациялоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну, ошондой эле коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.