ИИМдин 3 кызматкери одоно жүрүм-туруму үчүн иштен алынды

Укук тартиби 24 декабрь 2025 12:19
601987036_1262403739241958_5370726684455304350_n.jpg
602288529_1262403712575294_2320044494902855940_n.jpg
603877908_1262403742575291_6357758423965933787_n.jpg
602935378_1262403779241954_3734674265909818858_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги одоно мыйзам бузуулар үчүн 3 кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгиленгендей, буга социалдык тармактарда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин одоно жүрүм-туруму тууралуу маалыматтар түрткү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер оозго алгыс сөздөрдү колдонгону жана концертке тоскоолдуксуз кирүүгө аракет кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында милициянын улук лейтенанты М.Б. жана милициянын капитаны М.К. ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Мындан тышкары, буга чейин мас абалында унаа башкарган милиция кызматкери кармалган. Текшерүүдө анын ичимдик ичкени тастыкталып, протокол түзүлгөн соң, старшина М.у.К. ички иштер органдарынан бошотулду.