Облус жетекчиси Ысык-Көлдүн жээги эс алуучуларга ачык болушу керектигин айтты

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 12:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл районундагы бир катар пансионаттарды жана эс алуу жайларын кыдырды.

Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө президенттин "Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгынын аткарылышына өзгөчө маани берилди. Анткени жарандардын жээкке мыйзамдуу жана эркин жетүү укугу камсыз кылынышы керек.

Бакыт Жетигенов пансионаттарда көрсөтүлүп жаткан кызматтар, санитардык тазалык, куткаруучулардын ишин уюштуруу, суу скутерлери үчүн техникалык зоналардын жайгашуусу, пирстерге жана жээкке акысыз өтүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, айрым кемчиликтерге катуу сын айтты.

Текшерүүгө Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов да катышып, жергиликтүү бийликтин аракеттери тууралуу маалымат берилди. Айрым эс алуу жайларында мыйзам бузуулар, жээги тосулган жерлер жана кызмат көрсөтүүдөгү орун алган каталар аныкталып, жетекчилерге эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу тапшырылды.