Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков АКШнын көз карандысыз инвестициялык банкы Oppenheimer Holdings Inc. жетекчилиги менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстандын энергетика, туризм жана транспорттук-логистика тармагындагы ири улуттук долбоорлор жана өлкөдөгү реформалар тааныштырылды.
Ошондой эле эл аралык инвесторлордун ишенимин чыңдоо, санкциялык талаптарды сактоо жана S&P, Moody’s, Fitch сыяктуу агенттиктерден Кыргызстандын кредиттик рейтингин жогорулатуу маселелери каралды.
Анда "Элдик Банк" тарабынан еврооблигациялардын ийгиликтүү жайгаштырылышы өлкөнүн финансылык системасына болгон эл аралык ишенимдин көрсөткүчү катары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз компанияларын эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу жана инвестиция тартуу механизмин өркүндөтүү боюнча кызматташууга макулдашты.