Нью-Йоркто Кыргызстандын инвестиция үчүн артыкчылыктуу тармактары сунушталды — Кабар

Нью-Йоркто Кыргызстандын инвестиция үчүн артыкчылыктуу тармактары сунушталды

Саясат 25 сентябрь 2025 17:23
554110822_1207614624735379_5607322963414573496_n.jpg
554614124_1207614754735366_6528396518242760216_n.jpg
554765163_1207614591402049_3927017492996874212_n.jpg
555441874_1207614724735369_14332595215745155_n.jpg
555442630_1207614608068714_6261277014653013807_n.jpg
555466513_1207614694735372_6481056393124780752_n.jpg
Алдыга
Артка
554110822_1207614624735379_5607322963414573496_n.jpg
554614124_1207614754735366_6528396518242760216_n.jpg
554765163_1207614591402049_3927017492996874212_n.jpg
555441874_1207614724735369_14332595215745155_n.jpg
555442630_1207614608068714_6261277014653013807_n.jpg
555466513_1207614694735372_6481056393124780752_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Бүгүн Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз-америка Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн тегерек столго катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тегерек стол Кыргызстандын америкалык компаниялар менен кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө министр Кулубаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык өсүштү камсыздоого жана ишкерлик климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Кулубаев Кыргызстан америкалык инвесторлорго жагымдуу шарттарды сунуштоого даяр экенин айтып, артыкчылыктуу багыттарды: гидроэнергетика, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, транспортту белгиледи.

Министр ошондой эле өлкөнүн медицина, туризм жана IT тармагындагы олуттуу потенциалын баса белгилеп, алдыңкы Батыш технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Жыйындын соңунда ТИМ башысы Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу өнүгүүнү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашылган саясат жүргүзүп, аймактык долбоорлорду жигердүү алга жылдырып жатканын белгиледи.