Нью-Йоркто кыргызстандыктар үчүн шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 20:39
592560787_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
592413087_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
592535093_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
593563830_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
592560787_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
592413087_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
592535093_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
593563830_1297.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн АКШда жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн №9054 шайлоо участогу ачылганын билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, шайлоо участогу Чыгыш убактысы боюнча саат 08:00дө ачылып, шайлоочулар үчүн кечки саат 20:00гө чейин ачык болот. Добуш берүү 866 United Nations Plaza, Suite 476,New York, NY 10017 дарегинде өтүп жатат.

Кыргызстандын ID-картасы, жалпы жарандык паспорту же "Түндүк" тиркемеси бар, Кыргызстандын аймагында катталган жана алдын ала биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргызстандын жарандары Кыргызстанда кайсы округда катталганына карабастан добуш берүүгө катыша алышат.

Шайлоочуларды каттоо түздөн-түз шайлоо участкасында жүргүзүлөт, эч кандай алдын ала каттоо талап кылынбайт. Ар бир шайлоочу өз аймагы үчүн бюллетень алат.

Туруктуу өкүлчүлүк АКШда жайгашкан Кыргызстандын бардык жарандарын добуш берүү укугун ишке ашырууга жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга чакырат.