Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.
Жолугушууда министр улуттук саламаттык сактоо саясатынын негизги артыкчылыктарын белгиледи. Алардын ичинде — жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, баштапкы звенону чыңдоо, дени сак жашоо образын жайылтуу жана саламаттык сактоо системасын санариптештирүү.
Тараптар бул багыттарда биргелешкен ишти улантууга ниеттеништи. ДССУнун Европа регионалдык бюросу Кыргызстандагы аракеттерди жогору баалап, баштапкы звенону чыңдоого, алдын алууга жана дени сак жашоо образын калыптандырууга багытталган улуттук стратегияны иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле министр президент Садыр Жапаровдун оорулардын алдын алууга жана ден соолук маданиятын өнүктүрүүгө болгон жеке көңүл буруусу баса белгиленди. ДССУ Кыргызстанга БМСЖны өнүктүрүүдө, коомдук саламаттыкты чыңдоодо, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштө жана медицинаны санариптештирүүдө колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуу боюнча иш-аракеттерди макулдашуу үчүн туруктуу байланышта болууну макулдашышты.