Нью-Йоркто кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат Загрузка... 05 Сентябрь 2025 14:35
5318843626731731058.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. 3-сентябрда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча бюросунун жетекчиси Бетани Моррисон менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду бекемдөөгө, өз ара иш-чараларды уюштурууга, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле виза маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Молдогазиев америка тарапка Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Дональд Трамп менен мамлекеттик катчы М.Рубио тарабынан жиберилген куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.