Нью-Делиде "Манас" эпосунун баалуулуктары талкууланды

Маданият 17 Декабрь 2025 10:10
IMG_2982.PNG
IMG_2967.JPG
IMG_2981.JPG
IMG_2979.JPG
IMG_2977.JPG
IMG_2975.JPG
IMG_2973.JPG
IMG_2968.JPG
IMG_2984.PNG
IMG_2983.PNG
Алдыга
Артка
IMG_2982.PNG
IMG_2967.JPG
IMG_2981.JPG
IMG_2979.JPG
IMG_2977.JPG
IMG_2975.JPG
IMG_2973.JPG
IMG_2968.JPG
IMG_2984.PNG
IMG_2983.PNG
Алдыга
Артка
copyright icon "Манас" улуттук академиясы

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. "Манас" улуттук академиясынын өкүлдөрү Индиянын Нью-Дели шаарында "Дүйнө бир үй-бүлө" аталышындагы эл аралык илимий конференция өттү.

Академиядан билдиришкендей, иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, маданият ишмерлери жана изилдөөчүлөр катышты.

"Манас" академиясынын коммуникация жана эл аралык байланыштар борборунун жетекчиси Гүлзат Майчинова "Манас жана Махабхарата: тынчтык жана коопсуздук үчүн маданий цивилизациялык коду" аттуу докладында эки улуу эпостун адамзаттык баалуулуктарды, тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөдөгү ордун белгиледи.

Ал эми "Айкөл" студиясынын жетекчиси Дастан Чыныбек уулу "Эпикалык көпүрөлөр: глобалдашуу шартында "Манас" эпосунун жана "Махабхаратанын" маданий баалуулуктарын сактоо жана театр аркылуу жайылтуу" деген темада баяндама жасап, эпосторду сахналаштыруу аркылуу мурастоонун маанисине токтолду.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Эфиопия, Мадагаскар, Малайзия, Вьетнам, Мьянма, Кения, Индонезия жана Индия мамлекеттеринен окумуштуулар катышты. Чет өлкөлүк катышуучулар кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана "Манас" эпосуна өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, баяндамачыларга бир катар суроолорду узатышты.

Иш-чаранын алкагында көптөгөн катышуучулар Кыргызстанга келип, кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу менен жакындан таанышууга кызыкдар экенин билдиришти.