Акыркы жылдары өлкөдө шал илдетине чалдыккан балдар көбөйүүдө. Учурда алардын саны 3 миңден ашты. Бул тууралуу невролог, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабаджанов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Мындан тышкары, ал СМА жана талма ооруларына кенен токтолуп, илдеттин пайда болуу себептери, аны дарылоо ыкмалары, алгачкы медициналык жардам жана баланын ар кандай тубаса илдет менен төрөлүшүнө ата-эненин жоопкерчилиги, кадимки уюлдук телефондун балага тийгизген терс таасири туууралуу айтып берди.