Нурланбек Азыгалиев Өзбекстан парламентинин төрагасы менен жолукту — Кабар

Нурланбек Азыгалиев Өзбекстан парламентинин төрагасы менен жолукту

Саясат 13 май 2025 19:36
photo_13_14.jpg
photo_13_18.jpg
photo_13_15 (1).jpg
photo_13_17.jpg
photo_13_16.jpg
photo_13_15.jpg
Алдыга
Артка
photo_13_14.jpg
photo_13_18.jpg
photo_13_15 (1).jpg
photo_13_17.jpg
photo_13_16.jpg
photo_13_15.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Ташкент, 13.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов менен жолукту.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Азыгалиев акыркы жылдары кыргыз-өзбек мамилелери достуктун жана өз ара ишенимдин жаңы этабына өткөнүн белгилеп, айрыкча соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө ийгиликтүү кызматташуу жүрүп жатканын баса көрсөттү.

"Парламенттер ортосундагы түз жана туруктуу диалог стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт. Бул багытта Парламенттер аралык комиссиянын иши өзгөчө мааниге ээ", – деди ал.

Өз кезегинде Нуриддин Исмоилов да парламенттердин ролу мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өтө маанилүү экенин белгилеп, кыргыз-өзбек алакаларынын оң өнүгүп жатканына токтолду.