Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолукту

Коом Загрузка... 24 Июнь 2025 11:12
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Асма Строй" курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, арыз Бишкек шаарындагы Абай/Панфилов дарегиндеги "Достук" турак жай комплексинин жана Чымкент көчөсү, №28 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйүнүн сатып алуучуларынан түшкөн.

Алар курулуп жаткан объектилер өз убагында бүтпөй, жабыр тартып жаткандарын айтышкан.

Орунтаев курулуш объектилерин жеринен көрүп чыгып, тиешелүү башкармалыктарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал курулуштун жүрүшүн тездетүү үчүн чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.