Акыркы жылдары Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайы тездик менен өнүгүп, улуттук экономиканын маанилүү багытына айланууда. Бул тармак өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатып, айыл чарба продукцияларын кошумча нарк менен чет өлкөгө чыгарууга шарт түзүүдө. Ошондой эле кайра иштетүү өндүрүшү мамлекеттин экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүгө олуттуу салым кошуп, кошумча киреше табууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болуп келет.

Өлкөдө 2025-жылга карата экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө 63 инвестициялык долбоор пландаштырылган. Учурда алардын бир катары ишке ашырылып, айрымдары жыл аягы менен бүткөрүлгөнү турат.
Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Тармактык саясатты ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Жыпаркүл Нурдинова “Кабар” агенттигине буга чейин ачылган жана жыл аягына чейин ачыла турган кайра иштетүү ишканалары тууралуу айтып берди.

“1-октябрга карата 33 ишкана ишке берилди. Ал эми калган 30 ишкана жыл аягына чейин берилет. Министрлик иштеп чыккан каржы инструменттеринин алкагындагы, облустарды, райондорду жана айыл аймактарын өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-орус жана кыргыз-өзбек фонддору деген сыяктуу инвестициялык жол менен бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 29 665,2 млрд сомду түзөт.
Андан сырткары, бул ишканалардын толук ишке берилиши менен 3731 оруну түзүлөт. Ал эми азыркы учурда ишке берилген 33 ишкананын аркасы менен миңдей адам жумуш оруну менен камсыз болду.
- Баткен облусунда – 4 ишкана;
- Жалал-Абад облусунда – 7 ишкана;
- Ысык-Көл облусунда – 1 ишкана;
- Нарын облусунда – 7 ишкана;
- Ош облусунда – 6 ишкана;
- Талас облусунда – 4 ишкана;
- Чүй облусунда – 4 ишкана ачылды”,-деди ал.

Бөлүм башчынын айтымында ишканалардын көбү аймактарда ачылган.
“Атай кетсек, Нарын облусуна 13 гектар жерге маанилүү болуп саналган комплекстүү соода-логистикалык борбору ачылып, 100 адам иш менен камсыз болду. Ошондой эле канаттулардын этин кайра иштетүү ишканасы ачылып, 150 адам иш менен камсыз болду. Ал эми Жалал-Абад облусуна экспорттук логистикалык мал чарба борборун курулуп, 120 жумуш орду түзүлдү.
Андан сырткары, Сокулук районунда жер-жемиштерди кайра иштетүү менен 70 түрдүү продукция чыгара турчу ишкана жыл аягы менен ачылып, 250 адамды иш менен камсыз кылат. Ысык-Ата районунда 7,4 гектар аянтка картошка сактоочу кампа ачылып, 300 адамга жумуш орду түзүлөт. Муну менен катар эле Ош облусунун Ноокат районунда жер семирткич заводу ачылып, миң адам жумушка орношо алат”,-деди ал.

Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 434 ири кайра иштетүүчү ишканалар, 11 миң 245 чакан кайра иштетүүчү ишканалар бар.
Ошондой эле буга чейин министр Бакыт Төрөбаев долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чийки зат базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле аткаруучулук тартипти күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берип жатып, "Жыл сайын кайра иштетүү өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке берилип, жаңы жумушчу орундар түзүлүп жатат. Бүгүн өлкөдө 11 миңден ашуун ар кандай көлөмдөгү кайра иштетүү ишканалары иштеп жатат”,-деп белгилеген.
Андан сырткары, президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" жарлыгында айтылгана ылайык, министрликте иш-чаралар планы кабыл алынып, кайра иштетүү продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 2025-жылы – 10 пайызга, 2030-жылы – 30 пайызга, 2040-жылы – 50 пайызга жеткирүү пландалган.