Ноябрдын аягында Берлинде кыргыз-герман бизнес кеңеши өтөт

Экономика 27 октябрь 2025 14:38
176155257968ff28c3c938f.jpg
176155258068ff28c459ec0.jpg
176155258068ff28c4d778d.jpg
176155258068ff28c498ee9.jpg
Алдыга
Артка
176155257968ff28c3c938f.jpg
176155258068ff28c459ec0.jpg
176155258068ff28c4d778d.jpg
176155258068ff28c498ee9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Германиянын Бундестагынын депутаты Шлефан Майер жана элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-немис экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери, ошондой эле "Кыргызстандын улуттук экономика күнү Германияда" аттуу бизнес-форумуна жана ушул жылдын 27-29-ноябрында Берлин шаарында өтө турган 5-бизнес кеңешинин даярдыгын талкуулашты.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.