Новосибирсктен келген машыктыруучу Кыргызстанга болгон таасири менен бөлүштү

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 15:20
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эртең тайган жарышы боюнча мелдеш башталат.

Мелдешке Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.

Алардын арасында Россиянын Новосибирск шаарынан келген машыктыруучу Анна Беседина да бар. Ал ”Кабар“ агенттигине мелдешке болгон даярдыгы жана Кыргызстан тууралуу таасирлери менен бөлүштү.

Анын айтымында, даярдык Новосибирсктеги чуркоочу иттер клубунда жүргүзүлүп, иттер ар түрдүү трассаларда машыктырылган.

Анна Беседина Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабын жогору баалап, кыргызстандыктардын меймандостугун өзгөчө белгиледи.

”Элдер абдан жылуу, жылмайып, жардам берүүгө дайыма даяр. Абдан жакшы таасирлер калды”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул Анна Бесединанын Кыргызстанга экинчи жолу келиши.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.