Новосибирсктеги кыргызстандыктарга укуктук статусун жөнгө салуу түшүндүрүлүүдө

Коом Загрузка... 13 Август 2025 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктарга Россиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо жана укуктук статусун жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, жарандарга практикалык жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери жума сайын РФ Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча райондук миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүн кыдыруу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Алсак, 1-июлдан 31-июлга чейин Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан 15 чыгуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестринен чыгуу үчүн арыз берүүгө Кыргызстандын 119 жаранына практикалык көмөк көрсөтүлүп, 876 жаранга укуктук абалын легалдаштыруу боюнча арыз берүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлдү.

2025-жылдын февраль айынан тарта көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине Кыргызстандын 11 838 жараны киргизилген. Ал эми 1-августка карата 9 038 жаран бул реестрден чыгарылды, бул 75 пайыздан ашыгын түзөт. Ошол эле учурда реестрде мыйзамдаштыруу жол-жобосун күтүп жаткан 2 800 Кыргызстандын жараны турат.