Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тартууланды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 10-июнда Кыргызстандын Башкы консулдугу Туризм департаменти менен биргеликте өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтуу жана туризм тармагындагы кызматташууну активдештирүү максатында Кыргызстандын туристтик уюмдарынын жана компанияларынын Сибирь федералдык округунун туристтик компаниялары менен кеңейтилген онлайн-жолугушуусун уюштурду.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков Сибирдеги туристтик агенттиктердин өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча демилгелерин жана сунуштарын колдоого, ошондой эле Новосибирск облусунун туристтик компаниялары үчүн Кыргызстанга маалыматтык тур уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Новосибирск облусунун 20дан ашуун туроператору катышты. Анда өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, “Кыргызстанга терезе” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.