Новосибирскте 27 жаштагы кыргызстандык каза болду

Кырсык Загрузка... 14 Май 2026 09:05
755862422080505.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Новосибирск шаарында Кыргызстандын 27 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан окуянын жагдайларын тактоо боюнча ыкчам түрдө тиешелүү чаралар көрүлдү.

Консулдуктун кызматкерлери ооруканага барып, маркум 1997-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Н.А.Н. экендигин аныкташты.

"Учурда сөөктү мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтерди тариздөөдө анын жакындарына зарыл көмөк көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жана Башкы консулдук бул маселени көзөмөлгө алып, Россиянын компетенттүү органдары, ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта болууда.