Новопокровка – Туз унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды

Аймак 22 Апрель 2026 16:45
674491750_18049730432733957_3503256173787262974_n.jpg
671113760_18049730414733957_5672892236295873837_n.jpg
670759844_18049730405733957_4749143310576543034_n.jpg
671186757_18049730429733957_7359651766820820387_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка – Туз унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда жолдун 12-14-чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө. Жол куруу долбоору жылдын Титулдук тизмесине киргизилип, иштер №43 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Бул иштер аймактагы жол инфраструктурасын жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.