Новопавловкадагы "Кудайберген" көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды

Коом Загрузка... 29 Июль 2025 11:30
480137966_622399970.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан 35/10 кВ "Кудайберген" көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Малыматка ылайык, көмөк чордондо 10 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды.

2013-жылы курулуп, ишке берилген кубаттуулугу 10 000 кВАны түзгөн кубаттуулук жетишсиз болуп, жаңылоодон кийин көмөк чордонго 6000 кВА кубаттуулук кошулду. Муну менен электр энергия менен камсыздоо кыйла жакшырды.

Жабдыктарды жаңылоо иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат.

Белгиленгендей, бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Новопавловка айылынын жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.