Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Нотариустардын ролу бүгүнкү күндө жөн гана бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү менен чектелбестен, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүүдө маанилүү орунду ээлейт. Бул тууралуу эл аралык конференцияда Казакстандын Нотариалдык палатасынын төрагасы Олег Полумордвинов билдирди.
Анын айтымында, финансылык коопсуздук жаатындагы заманбап чакырыктар укуктук системанын бардык катышуучуларынан жогорку жоопкерчиликти, кылдаттыкты жана кесипкөйлүктү талап кылууда.
“Нотариустар көз карандысыз жана калыс коомдук функцияны аткарган адистер катары жарандык жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылууда алдыңкы сапта турушат. Нотариалдык аракеттер аркылуу мүлккө, корпоративдик укуктарга, мураска байланышкан жана башка маанилүү юридикалык бүтүмдөр өтөт. Алардын айрымдары мыйзамсыз алынган кирешелерди легалдаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн”, — деди ал.
Полумордвинов белгилегендей, нотариустун акчаны адалдоого каршы күрөшүүдөгү ролу бүтүмдү жөн гана күбөлөндүрүү менен чектелбейт. Ал тараптарды аныктоо, бенефициардык ээлерди тактоо, бүтүмдүн экономикалык маанисин талдоо жана шектүү операцияларды аныктоо сыяктуу милдеттерди да камтыйт.
Ошондой эле ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, аймакта экономикалык байланыштар жана капиталдын чек ара аркылуу кыймылы күчөп жаткан шартта нотариат органдарынын өз ара аракеттенүүсү кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүүдө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
“Эл аралык нотариат союзу улуттук нотариаттарды бириктирип, тажрыйба алмашууга, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгууга жана кесиптик деңгээлди жогорулатууга көмөктөшкөн маанилүү координациялык ролду ойнойт”, — деди Казакстандын Нотариалдык палатасынын төрагасы.
Ал белгилегендей, учурда Казакстан жетектеп жаткан Азия иштери боюнча комиссия нотариалдык ишмердүүлүктү санариптештирүүгө жана нотариустардын каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү багытындагы билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда.
“Нотариустардын квалификациясын жана маалымдуулугун жогорулатуу – финансылык кылмыштарга каршы ийгиликтүү күрөштүн маанилүү факторлорунун бири”, — деп кошумчалады ал.
Полумордвинов Бишкекте өтүп жаткан конференция аймактык диалогду жана кызматташтыкты чыңдоого багытталганын белгилеп, иш-чара мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болоруна ишеним билдирди.
“Нотариат – бул жөн гана мыйзамдуулуктун кепили эмес, дүйнөлүк финансылык коопсуздук системасынын активдүү катышуучусу. Биздин биргелешкен ишибиз каржылык системалардын туруктуулугуна жана коомдун ишенимине түздөн-түз таасир этет”, — деди ал.