Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Азыркы заманда нотариат жөн гана документтерди тариздеген институт эмес, адилеттүүлүктүн негизги звеносу болуп саналат. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, нотариустар күн сайын жарандардын жана ишкердиктин укуктарын коргоп, укуктук мамилелердин ачыктыгын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
“Кыргызстан акыркы жылдары эл аралык стандарттарга ылайык укуктук системасын ырааттуу түрдө өркүндөтүп, учурда жооптуу этапта турат. Нотариустар кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү, бизнестеги үлүштөрдү сатуу же корпоративдик активдерди өткөрүп берүүдө биринчи коргонуу линиясында турушат. Бирок, айрым учурларда кылмыштуу топтор нотариалдык актылардын юридикалык күчүн өз максаттарына колдонууга аракет кылышат. Ошондуктан бул тармакта тобокелдиктер да бар”, — деди ал.
Айдаровдун белгилешинче, негизги тобокелдиктердин катарына кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөр, акча каражаттарынын булагы белгисиз болгон накталай эсептешүүлөр, компаниялардын негизсиз тез эле ээсин алмаштыруусу, ошондой эле ишеним каттар жана офшордук схемалар аркылуу мүлктү кайра каттоо кирет.
Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн үч негизги багыт каралган: биринчи — документти тариздөөгө чейин кардардын тобокелдигин баалоо; экинчи — бенефициардык ээликти аныктап, чыныгы кожоюнду тактоо; үчүнчү — шектүү учурлар боюнча тиешелүү органдарга маалымат берүү.
Ошондой эле нотариустардын ишинде санарип технологиялар кеңири колдонулуп жатканы белгиленди.
“Электрондук нотариат” системасы мамлекеттик органдар менен интеграцияланып, “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашууга мүмкүндүк берет. Анын алкагында жарандар Face ID жана манжа изи аркылуу идентификациядан өтүп, документтердин аныктыгы реалдуу убакыт режиминде текшерилет”,- деди Айдаров.
Мындан тышкары, быйыл сентябрь айында Кыргызстан FATF талаптары боюнча баалоодон өтө тургандыгы маалымдалды. Ушуга байланыштуу Юстиция министрлиги жана Финансылык чалгындоо кызматы биргелешип нотариалдык аракеттерге тобокелдик баалоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, айрым операциялар, айрыкча кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөр жогорку тобокелдик категориясына кирери аныкталган.
Ошондой эле бүгүнкү күндө республикада 500дөн ашык жеке жана 60тан ашык мамлекеттик нотариус иш алып барары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүдө нотариус кесибинин негизги ролу: тажрыйба, көйгөйлөр жана эл аралык пикирлер” аталган эл аралык конференция өттү. Конференцияга 11 мамлекеттин өкүлдөрү катышып, нотариат тармагындагы акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашты. Уюштуруучулар иш-чара эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууга багытталганын белгилешүүдө.