Бишкек, 21.03.25. /Кабар/. Нооруз майрамы Борбор Азия мамлекеттериндей эле Кыргызстанда да жыл сайын 21-мартта белгиленет. Бул күн кычыраган кыштан кийин жаңырган жаздын келишин билдирет. Нооруз күн менен түн теңелген мезгилге туура келет. Анткени 21-марттан тарта түн кыскарып, күн узара баштайт. Так ушул убакыт жаздын жана жаңылануунун майрамы катары жаңы жыл деп эсептелип, токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жылы болсун деп тилек кылынган.

Нооруз майрамынын келип чыгышына кайрылсак, тарых беттеринде жазуу дооруна чейинки заманга башкача айтканда, биздин доорго чейинки VI – IV кылымга туура келери айтылат. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "руз" – “күн” деген маанини билдирет. Бүгүнкү күндө Ноорузду дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун өлкөдө, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Иран, Ирак, Азербайжан, Түндүк Индия, Македония, Түркия, Башкортостан, Дагестан жана Татарстанда майрамдалат.

2009-жылы Нооруз Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНЕСКО уюму тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Ошондон тарта Нооруз эл аралык майрам деп жарыяланган.
Кыргызстанда 1991-жылдын 1-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан 21-март элдик Нооруз майрамы деп бекитилген. 34 жылдан бери кыргыз эли Ноорузду эски жыл аякташы, жаңы жылдын башталышы катары майрамдап келет. 21-март өлкөдө иш күнү эмес. Мындан улам кыргызстандыктар быйыл 3 күн катары менен – жума, ишемби жана жекшембиде эс алышат.

Нооруз майрамында ар бир үйдө арча түтөтүлүп, ак тилектер айтылат:
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Нооруз күнү майрамдык маанайда айыл жана шаарларда эл чогулуп, казан-казан сүмөлөк, көжө кайнатылып, дасторкон жайылат. Улуттук оюндар ойнолуп, ыр-бийлер аткарылат. Ошондой эле майрамда элге тынчтык, жерге береке каалап, кыргыз эли малын төлдөтүп, жерин көктөтүп, ар бир үйдөн ырыс-кут кетпесин деп тилектер айтылат. 21-мартта жарык дүйнөгө келген ымыркайга Ноорузбек, Ноорузбай, Ноорузгүл деп да ысым коюшат.

“Жаз жарыш, күз күрөш” дегендей жаздагы көрүлгөн аракет, күздө төгүлгөн берекетти алып келет. Мындан улам Нооруздун келиши менен дыйкандар мээнет кылып, түшүмдү мол жыйнаганга аракет көрүшөт.
